Бакыт Кененбаев: Туристтердин коопсуздугу үчүн мамлекет жооп бериши керек

  30.05.13   08:12
 319

Туристтердин коопсуздугу үчүн мамлекет жооп бериши керек. Мындай пикирин кечээ, 29-майда КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин мурунку башчысы, туризм тармагындагы эксперт Бакыт Кененбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, туроператорлор туристтерге кызмат көрсөтүү боюнча гана жооп бериши керек. Ал эми коопсуздугун мамлекеттик органдар, анын ичинен ИИМ камсыз кылышы керек.

"Туристтер Кыргызстанда эс алуу үчүн көптөгөн сумманы турагенттиктерге төлөшөт. Ал эми алар көрсөткөн кызматтары үчүн гана жооп бериши керек. Ошондой эле, туристтердин эс алуу учурунда алган жаракаттары үчүн акчаларынын ордун толтуруп берүүлөрү керек. Албетте, мунун баардыгы коопсуздук баракчасында жазылышы керек. Бирок, чет элдик жарандын коопсуздугу үчүн мамлекеттик органдар жооп бериши зарыл. Турагенттиктер туристтерден көп суммадагы акчаны алып атышат, анткени алар мамлекетке салык төлөөлөрү керек. Анда эмне үчүн ошол акчага мамлекет эс алууга келгендер үчүн жоопкерчиликти албайт? Ошол туристтерден мамлекет киреше алып жатпайбы", деп суроо берди Кененбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224795

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.