Кыргызгидромет: Июнь айында аба ырайы климаттык нормада сакталат

  30.05.13   08:14
 295

Кыргызгидрометтин гидрометкөзөмөлдөө, аба ырайы жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Татьяна Черникова "ВБ"га июнь айында абанын температурасы республиканын көпчүлүк аймактарында климаттык нормада сакталаарын билдирди. Чүй жана Талас облустарында 19…23 градус, Кыргызстандын түштүгүндө - 22…24 градус, Нарын жана Ысык-Көл облустарында - 14…17 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, Чүй облусунда бир ай аралыгында абанын температурасы кечкисин 10…15 градустан 16…21 градуска, күндүз 20…25 градустан 28…33 градуска чейин көтөрүлөт.

Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачындын түшүшү нормада сакталат. Талас облусунда нормадан төмөн, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында нормадан көп жаашы күтүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224796

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.