Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты

  30.05.13   08:57
 257

29-майда Астана шаарында президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен барган бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышты.

Жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, Украинанын президенти Виктор Янукович, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко да катышты. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Евразиялык интеграциялык процесстерге катышуусу жөнүндө билдирүүгө кол коюшту.

Тактап айтканда билдирүүдө мындай деп белгиленет: "Мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин органдары менен өз ара кызматташууну өнүктүрүү боюнча демилгесин, ошондой эле Евразиялык экономикалык союздун толук мүчөсү болууга ниеттенгендигин колдогондугу тууралуу билдирет. Тиешелүү сунуштар жакын арада Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан даярдалат".

Ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссия менен Кыргыз Республикасынын ортосунда өз ара кызматташууну тереңдетүү жөнүндө меморандумдун долбоору тууралуу чечимге кол коюлду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224798

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.