Жалал-Абад облусунда "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун китептери алынды

  30.05.13   08:58
 310

Жалал-Абад облусунан Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 29-майда Ноокен районунун Сакалды айылынын 25 жаштагы тургунунун үйү райондук соттук санкциясы менен тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда экстремисттик багыттагы журналдар, үгүт материалдары, DVD-дисктер табылган.

Учурда теологиялык экспертиза жүргүзүлүп, тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224799

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.