Жоомарт Сапарбаев: Курч лейкоз диагнозу менен үч жуманын ичинде көз жумушат

  30.05.13   09:09
 387

"Курч лейкоз" диагнозу менен химиотериапиясыз бейтап үч жуманын ичинде көз жумат деп мага айтышты. Батукаевге диагноз коюлгандан кийин дагы кырк күн Нарында болуптур", - деп 29-майдагы парламенттин пленардык жыйынында кримавторитет Азиз Батукаевдин алдын ала бошотуландыгын иликтеген комитеттин мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев билдирди.

Ал видеодо Батукаев "Манас" аэропортунун VIP-залынан өз алдынча эле басып бара жатканын эске салды. "Ал чындап эле өлгөнү калган болсо, такыр баса албай калмак. Менин пикирим боюнча аны чоң акчанын жана коррупциялык схемалардын жардамы менен чыгарып кетишти", - деди Сапарбаев.

Ошондой эле Сапарбаев, күч структуралары криминалдык авторитетти аэропортко чейин узатып барганына нааразы болду. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев Батукаевди аэропортко узатып бар деген буйрук берилгенин айтты. Бирок ага мындай буйрукту ким бергенин ал кабарлаган жок.

Режимдик объектилерге жеке менчик унаалар киргизилбеши керек, бирок Батукав окуясында бул мыйзам да бузулганын эскертти.

Эске салсак, криминалдык авторитет Азис Батукаевди рак оорусу менен жабыркайт деген медиктердин чыгарган жыйынтыгынын негизинде Нарындын №4 СИЗОсунан 9-апрелде чыгарып кетишкен. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге чартер каттамы менен Грозный шаарына учуп кеткен. Батукаевдин алдын ала бошотулгандыгы мыйзам чегинде болгонун аныктоо үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал 1,5 айдан бери иликтөө жүргүзүп, ишинин натыйжасы тууралуу отчет берип жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224800

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.