"Меккеге карай жол" тасмасынын каарманы сүйлөйт

Эл мигранттардын эсебинен жашап жатат. Кыргызстандын эсебинен эч нерсе жок
  30.05.13   09:56
 389

Белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун шакирти, учурда жаш режиссерлордун арасынан суурулуп чыгып келе жаткан Асел Жураева "Меккеге карай жол" даректүү тасмасын тартып, көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси болду.

Дал ошол "Меккеге карай жол" даректүү тасмасынын башкы каарманы – Кадамжай районунун Алга айылында жашаган 82 жаштагы Турдубаев Сулайман ата. Сулайман ата мусулмандык парзымды аткарып Меккеге барып келем деп көп жылдар бою акча чогултуп жүрөт. Бир күнү эле мындай чечимге келди. Чогулткан акчасына 1941-45-жылдарда согушта каза болгон айылдаштарына эстелик тургузмай болду. 80 жашка барып калганына карабай, Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган, согушка катышып келген айылдаштарын изилдеп, болгон акчасына алардын урматына эстелик тургузат. Дал ошол тасманын каарманы Сулайман ата алыстан ат арытып биздин редакцияга келип, жалпы эл-журтума айтаар аксакалдык сөзүм бар деп ой бөлүшүп кетти.

- Сулайман ата, ошол кан күйгөн согуш жылдары канча жашта элениз? Кандай күндөрдү өткөрдүнүз?

- Кан күйгөн согуш жылдарында мен12-13 жаштагы тестиер бала элем. Ошол оор жылдары ата-энемден айрылып калдым. Жыланайлак орок оруп, кош айдап мен курактуу балдардын баары ошол учурда айылдын абдан чон күчү элек. Азыркыдай жыргал заман кайдан болсун. Кийээрге жарытылуу кийим жок. Ичээрге аш жок. Ушунчалык бир жакыр турмушта чонойдук. Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун согуш жылдарына арналган көптөгөн чыгармалары бар эмеспи, биздин жашоо деле ошолордун үзүндүлөрүндөй. Мындай оор турмушту, оор күндөрдү 1935-жылдардан мурунку адамдар жакшы билет. Андан кийинкилер жакшы билбей калды. Азыркы муун таптакыр ал күндөрдөн кабары да жоктой.

- Сиз согуштан кайтпай калган адамдар тууралуу изилдөө жүргүзгөн экенсиз?

- Биздин кыргыз жергесинен 365 миң киши Улуу Ата мекендик согушка аттанган. Анын канчасы келгени али белгисиз. Мен биздин райондон согушка кеткендер тууралуу изилдөө жүргүздүм. Кадамжайдан 6120 киши согушка аттанган экен. Ошондон 1474ү гана кайтып келиптир. Калган 4946сы кайтпай сөөктөрү башка жерде калыптыр. Биздин Алга айылынан 260 адам кетип, анын 140ы кайткан эмес. 120сы кайтып келип, азыр алардын да көзү өтүп эки гана киши калды. Жанагы мен тургузган эстеликке ошол айылымдан Улуу Ата мекендик согушка катышкандардын тизмеси жазылды. Эстеликтин ачылышында согушка катышып кайткан эки аксакал айылдын көркү болуп эстелик жанында турушту. Согушта жакындарын жоготкон кары адамдар, айрыкча эски адамдар, кемпирлер ыйлашты. Менин гезит аркылуу эл-журтума айтаарым, ошол кан күйгөн согушта канчалаган кырчындай жигиттер мекеним деп жан беришкен. Мезгилдин, жылдардын өтүшү менен аларды унутуп калууга акыбыз жок. Биз согуштун запкысын тартып калган акыркы адамдарданбыз. Биздин көзүбүз өткөндөн кийин ал күндөрдү, ал адамдарды ким эстейт? Ошондуктан бул саамалыкты улантып ар бир айылдын мекенчил кулундары өз айылындагы, өз районундагы согуштан кайтпай калгандарды изилдеп чыгышса, биздин айылдагыдай эстеликтерди тургузса, эми ушул демилгени бүт Кыргызстан боюнча улантышса деген ойдомун.

- Пенсияга узаганча кайсы кесипти аркаладыныз?

- Менин жаштыгым, иштеген жылдарым союз гүлдөгөн жылдарга туура келди. Өмүр бою колхоздун иштеринде эмгектендим. Колхоздо бухгалтер болдум. Башкарманын жардамчысы болдум. Ошол жылдар аралыгында 26 башкарма менен иштештим.

- Сиздердин айылда өзбектер көппү? Өткөн Ош окуясынан кийин кандай ынтымакташып жашап жатасыздар?

- Эми биздин айылдын 30-40%ы өзбектер. Кудайга шүгүр эле ынтымактуу алыш-бериш болуп жашап жатабыз. Бир кейигенибиз ар үй-бүлөгө алты сотыхтан эле үлүш жер тийген. Алты сотых жерге ушундай заманда өзүбүздү дагы, мал-жаныбызды дагы бага албай калдык. Жайлоодо жайыт тар. Айылыбызда эң негизгиси суудан кыйналабыз. Ар бир дыйкан чарбага сааттап сууну бөлүштүрүшөт. Сууга жетиш азап.

- Айылда же иш жок болсо алты сотых жер менен кантип жансактап жатышат?

- Огороддорундагы өрүктөрүн сатышат. Бирин-экин мал-жандыктары, тооктору менен эптеп жансактай беришет. Ар бир үйдөн куру калбай Россияда иштеп жүрүшөт. Менин үй-бүлөмдөн эле 7 адам Россияда. Эки уулум, жети неберем. Бизди ушулар жансактатып жатышат. Бардык үйдө ушундай. Машине алып үй салгандар ушулардын арты менен байып жатышат. Кыргызстандын эсебинен эч нерсе жок. Элдин баары сыртта жүргөн балдарынын эсебинен жашап калышты.

- Баткен жергесинде айрыкча чек ара маселеси кыйын эмеспи. Бул тууралуу да ой бөлүшө олтурсаныз?

- Карым-катнаш кыйын. Бир чек аранын артындагы тааныш адамың менен жолугуш үчүн канча бир чакырым жерди айланып өтөсүң, же толгон-токой документ топтойсуң. Кыйын эле жагдай. Кээде ушул маселелерди ойлоп жаным кейийт.

Бизге азыр эң негизгиси суу маселеси. Сууну ойдогудай алууга мүмкүнчүлүк бар, бирок ошону жасаган адам жок. Мамлекет жагынан жардам жок. Менин калаага келген бирден бир себебим да ушул суу маселеси. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге, спикер Асылбек Жээнбековго айыл көйгөйүн чагылдырган үч кайрылуумду ала келдим. Кайдагы абышка деп мени Ак үйгө жакындатпайт го. Режиссер балам Темир Бирназаров, мени тарткан Асел кызым менен сүйлөштүм. Кайрылууларынызды тапшырганга, сиздин сөзүңүздү элге жеткиргенге жардам беребиз, уюштуралы деген пикирлерин билдиришти. Алар дагы ыраазы. Эмгегимди элге жеткиргениңер үчүн деп мен дагы ыраазымын.

- Минтип көп жыл чогулткан акчанызга Меккеге барбай эстелик тургузганынызга көпчүлүк эл ыраазы болду. Сиз тууралуу тартылган тасма чет өлкөлөрдөн биртоп сыйлыктын ээси болуп кайтты. Азыр сизди өз районунуздун, айылыныздын кадырлуу аксакалы деп элестетем...

- Кудайга шүгүр, гезит-журналдарга жазып жатышат. Москвадан, Украинадан ыраазычылык билдирген каттар келди. Чүй облусунун губернатору ырахматын айтып кат жолдоптур. Режиссер Асель кызым тасманы дагы чонойтуп тартабыз деп жатат. Бул сыйдын баарына ыраазымын. Эми менин эли-журтума айтаарым эле бизге ушул жыргал заманды тартуулаган, Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган аталарды унутпасак. Бир райондон же айылдан көкүрөгүндө мекенчилдик сезими бар чыгаан жигиттер өз идеясын көтөрүп чыгышса, эл колдоп кетет. Мамлекеттин жардамын күтүп олтура берүүнүн кажети жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224801

 Комментарийлер:
#1 гулжигит шайдулла уулу
2014-07-14 19:54:31 Цитата / 0 / -

Турдубаев сулайман аксакал мерин чон атам болот мен мындан сыймыктанам.коп жашаныз Ата.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.