Буга чейин бир нече жолу соттолгон адамдан курал жана маңзат табышты

  30.05.13   09:11
 329

Буга чейин бир нече жолу соттолгон адамдан курал жана маңзат табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери шаар четиндеги айылдардын биринин тургуну мурун уурулук,каракчылык жана унаа уурдап качуу фактылары менен соттолгон адамдын үйүн текшерүүгө алышкан.

Ыкчам текшерүү иштеринин натыйжасында, анын үйүнөн милиция кызматкерлери немис өндүрүшүнөн чыккан Luger 90 үлгүсүндөгү револьвер, Италия өндүрүшүнөн чыккан Valtro тапанчасын жана ар түрдүү калибрдагы жүздөн ашык ок, ошондой эле 540 грамм марихуана табышкан.

Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224802

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.