Нариман Түлеев чын эле күнөөлүбү же жөн эле курмандыкпы?

Сот процессинин күңгөй-тескейин билүү үчүн мамлекеттик айыптоочу Акылбек Бакачиевди жана Түлеевдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаевди кепке тарттык.
  30.05.13   09:27
 549

Мурдагы Бишкек мэри Нариман Түлеевдин жана мэриянын бир катар кызматкерлеринин үстүнөн жүрүп жаткан сот жараянына качан чекит коюлары дагы деле белгисиз. 29-майдагы сот отурумунда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын мурдагы башчысы Бакыт Сыдыков ден соолугу начар делинип үй камагына бошотулду. Мындай өтүнүчтү жактоочусу келтирип, сот колдоого алды. Сотко көрсөтмө берүүдөн качып жүргөн "Тазалыктын" Биринчи май району боюнча мурдагы башчысы Рыспек Сарпашев сот отурумуна мажбурлоо аркылуу алып келинип, күбө катары көрсөтмө берди. Ал таштанды ташуучу унааларды сатып алуу боюнча тендерге катышпаганын, келишимге мурдагы вице-мэр Валерий Корниенконун кысымы менен кол койгонун айтты. Эмки сот жараяны 31-майда улантылат. Мына ушул Чубактын кунундай чубалжып келаткан сот процессинин күңгөй-тескейин билүү үчүн мамлекеттик айыптоочу Акылбек Бакачиевди жана Түлеевдин жактоочуларынын бири Кубанычбек Ташбалтаевди кепке тарттык.

Мамлекеттик айыптоочу Акылбек БАКАЧИЕВ: "Түлеевдин күнөөлүү экенине далилдер жетиштүү, бирок аны сот гана аныктаганга укуктуу".

- Сот жараяндары эмне үчүн улам эле артка жылдырылып жатат? Башкы себеби эмнеде?

- Сот жараянынын башталганына 5 айдын жүзү болду. Ушул аралыкта 40тай күбө сурак берди. Жактоочулар 5 күбө алып келишти, аларды да сурадык. Ортодо судья алмашты,соттолуучулар Нариман Түлеев жана Бакыт Сыдыковдор ооруп калышып убакыт созулуп кетти. Жактоочулар да 1-2 жолу жараянга келбей калышты. Мына ушундай жүйөлүү себептерден улам сот отуруму чоюлуп келет.

- Сот отурумуна күбөлөрдүн келбей калышына жактоочулар сиздерди айыптап жатышат. Эмне үчүн мамлекеттик айыптоочулар күбөлөрдүн бардыгын сот отурумунда камсыз кыла албай жатасыңар?

- Жактоочулар бардык күбөлөрдү мамлекеттик айыптоочу алып келиш керек деп туура эмес маалымат таратып жатышат. 2-3 жолу сот отурумуна жактоочулар тараптан чакырылган күбөлөр келбей калган. Болбосо өздөрүнүн күбөлөрүн өздөрү камсыз кылыш керек эле да. Негизги кылмыш ишиндеги күбөлөрдүн баары суралып бүттү. Ал эми апрелден берки сот отурумдарынын жылып жатышына кошумча күбөлөр чакырылып, бирок алардын жараянга келбей жатышы себеп болуп жатат. Сарпашев деген күбө көптөн бери табылбай жүрүп, эми гана көрсөтмө бере баштады..

- Жактоочулардын бири Султан Баратов мамлекеттик айыптоочулар Түлеевдин күнөөсүн далилдей албай убара болуп жатат деп маалымат таратты. Ал ортодо келишим кытайчадан туура эмес которулганы да ача пикир жаратып келет. Дегеле Түлеевдин чын эле күнөөлүү экенине далилдер жетиштүүбү?

- Биз жактоочу Султан Баратовдун айткандарына макул эмеспиз. Анткени соттолуучуларга айып угузулуп жатканда айыптоодо котормого байланышкан эч кандай маселе жок. Анүстүнө туура эмес которулганы тергөөнүн жүрүшүндө эле белгилүү болгон. Нариман Түлеевге жана мэриянын мурдагы бир катар кызматкерлерине Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу унааларды Кыргызстанга жеткирүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча айып тагылып жатат. Биринчиден, Кытайдан автобустарды сатып алууда эч кандай тендер өткөрүлгөн эмес. Миллиондогон акчаларга мамлекеттик сатып алуу болуп жатканда сөзсүз түрдө тендер өтүш керек эле. Мэриянын документтери боюнча 200 автобусту "Синь Хай Тенг" ишканасы ар бирин 7 миң 63 доллардан Бишкекке жеткирип берген. Негизи жеткирип берүүчүлөр автобустарды Торугарттагы чек арадан бери эле айдап келишсе, документ боюнча алар Кытай Республикасынын аймагына кирип автобустарды чыгарган шаардагы заводдон да узак башка бир шаарды көрсөтүп, ошол жактан айдап келишти деп жасалма документ жасашкан. Ошондо Түлеевдер автобус чыккан заводдон Торугартка жеткиргенге чейинки акчаны жок кылышкан. А автобустардын өздүк наркы 24 миң 337 доллар турат экен. Адеп иш козголгондо мамлекетке 1 млн. 412 миң 600 доллар же 49 млн. 864 780 сом зыян алып келди деп айыпталган. Анан тергөө жүрүп, аудиторлор текшерип отуруп бул сумма өзгөргөн. Ошол эле автобустарды "TONGDA" деген кытайлык ишкана 2 миң 433 доллардан жеткирип беребиз десе андан негедир баш тартышкан. Ошондо ар бир автобустан 4 миң 629 доллардан өөнөп калышкан. Биз аталган ишканадан Кыргызстан менен Кытайдын Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматтары аркылуу бул маалыматты тактаганбыз. Ошол убактагы УКМК төрагасы Шамил Атахановдун атына ушул маалыматтарды тастыктаган расмий жооп келген. Ал эми Түлеевдин кишилери Кытайга барып "TONGDA" деген фирмадан маалымат алып, аны нотариус менен күбөлөндүрүп коюшуптур. Мындай маалыматтар Тышкы иштер министрлиги, Элчилик аркылуу тастыкталышы керек да. Биз УКМКга ишенебизби же жеке нотариускабы? Мындан сырткары сотто күбө катары суралган айдоочулардын баары Кытайга кирбегенин, Торугарттан бери эле айдап келгенин ырастап жатышат.

- Жактоочулар Эсеп палатасынын аудиторлору тергөө материалдарына таянып тыянак чыгарганына нааразы. Негизи аудитор тергөөчүгө таянабы же тергөөчү аудиторгобу? Аудиторлор эсеп-кысаптарды өз алдынча текшерсе болот беле?

- Аудиторго болгон материалдарды тергөөчү берген. Аудиторлор тергөөнүн материалына таянып жалпы чыгымдарды эсептеп чыгып, келишимдин мыйзамдуулугуна баа берген. Аудиторлордун Кытайга барып текшерип келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок.

Түлеевдин жактоочуларынын бири Кубанычбек ТАШБАЛТАЕВ "Түлеевге коюлган дооматтардын бири да тастыктала элек"

- Сот отурумдарынын жүрүшүнө кандай баа бересиз?

- Сот отурумдарында мамлекеттик айыптоочулар тарабынан коюлган дооматтардын бири да тастыктала элек. Сотко көрсөтмө берген күбөлөрдүн бардыгы Нариман Түлеевдин каралып жаткан кылмыш ишине эч кандай тиешеси жок экенин айтып жатышат. Бизде Түлеевдин күнөөлүү эместигин тастыктаган материалдар жетиштүү. Сот ушул материалдарга таянып, Түлеевди жана мэриянын мурдагы бир катар кызматкерлерин актап алууга негиз бар.

- Автобустарды сатып алуудагы келишим кытай тилинен орусчага туура эмес которулганын жүйө кармап жатасыздар. Котормо маселесинин кылмыш ишине түздөн-түз байланышы барбы?

- Кытай тилиндеги келишим орус тилине туура эмес которулуп, ошонун негизинде мамлекеттик айыптоочулар Түлеевди жана мэриянын бир катар мурдагы кызматкерлерин акча кымырып алган деп айыптап жатышат. Келишимдин кытайчасында автобустун заводдогу наркы 24 миң 337 доллар экендиги көрсөтүлгөн. Келишимдин аягында автобустарды заводдон Торугарт чек ара пунктуна чейин "Син Хай Тенг" ишканасы жеткирери жана анын акысы автобустун өздүк наркынан сырткары төлөнөрү жазылган. Менин коллегам Султан Баратов муну тактоо үчүн Кытайдын Янчжоу шаарындагы заводго расмий кат түрүндө кайрылган. Алар жазуу түрүндө заводдон Торугарт чек ара пунктуна жеткирүүнүн чыгымы автобустун баасынан сырткары экендигин, ал чыгымдар өзүнчө төлөнгөндүгүн тастыкташты. Баратов сыркоолоп калгандыктан процесске келе албай калды. Айыптоочулардын колундагы келишимдин котормосунда "автобусту заводдон Торугартка жеткирүү чыгымы сатып алуучуга тиешелүү эмес, автобустун баасынын ичине кирет" деген мааниде которулуп калган. Көрсө кытайчадан орусчага которгон "Сленг" деген компанияга тергөөчүлөр тарабынан келишимдин өзү эмес, көчүрмөсү берилген экен. Көчүрмө жакшы окулбай туура эмес которулган. Кытай иероглифиндеги бир эле чекит сөздүн маанисин таптакыр өзгөртүп коет экен. Ошентип сатуучу сатып алуучу деп котормодо орой ката кеткен.

- Ошол эле автобустарды "TONGDA" ишканасы кыйла арзан жеткирмек экен. Анда эмне үчүн мэрия кызматкерлери жеткирүүчүлөрдүн эң кымбатын тандап алышкан?

- Мамлекеттик айыптоочулар сот ишине кытайлык "TONGDA" деген жеке компаниядан автобустардын ар бирин Торугартка чейин 2 миң доллардын тегерегиндеги эле суммага жеткирери жөнүндө тастыктаманы тиркеп коюшуптур. Ошонун негизинде 925 миң доллар бюджетке зыян келтирилген деп айып коюшууда. Ага чейин 1 млн. 400 миң долларды жеп койду деп келишкен. Биз, жактоочулар, "TONGDA" компаниясына кайрылсак, алар тастыктама кагазды бербегенин айтышты. Мындан сырткары алар ар бир автобусту заводдон Торугартка чейин километрин 1,3 доллардан жеткирип берерин билдиришти. Ал эми автобус чыккан заводдон Торугартка чейинки жолдун аралыгы 5,5 миң километрди түзөт. Ошондо ар бир автобусту алып келүү 7 миң 700 доллар болот экен. Бишкек мэриясы болсо ар бир автобусту 7 миң 63 доллардан алып келген. Мында Түлеев автобустарды алып келүүдөн акча жебей эле, тескерисинче, үнөмдөгөн. Кытайдан келген материалдардын баары Түлеев мыйзам чегинде иш кылганын тастыктап жатат. Негизи мэриянын эки кызматкери Кытайдагы автобус чыгарган завод менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде жадагалса автобустун өздүк баасынан кыйла арзандатышкан. Эгер Түлеевдин акча кымырып алуу ою болсо мындай кылбайт эле да.

- Эсеп палатасынын аудиторлоруна эмнеге нааразы болуп жатасыздар?

- Эсеп палатасы жөнүндөгү мыйзамда аудитор чыгымдарды аныктабайт жана андай укугу жок деп жазылган. Аудитор керектүү маалыматтарды алыш үчүн каалаган ишкананын документтерин талап кыла алат. Эсеп палатасынын аудитору 5 күн ичинде эле жыйынтык чыгарып койгонун мойнуна алды. Демек, ал тергөөнүн гана материалдарына таянган. А тергөө иши Түлеевди бир беткей күнөөлөш үчүн гана жүргөн деп ойлойм. Аудитор мыйзам боюнча болгону казынадагы каражаттардын натыйжалуу же натыйжалуу эмес жумшалганын гана аныктай алат. Мына ушундай карама-каршылыктарды сотто далилдегенге аракет кылып жатабыз. Биз жактап жаткан адамдар акталышы керек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224803

 Комментарийлер:
#1 Гулжан.
2013-06-03 15:37:28 Цитата / 0 / -

"Ууру тойгончо жеп, олгончок карганат",-деген соз дал ушундайдан алынган. Тазалана турган заман келди. Уурулар эми биринин бети н бири ача баштады. бул чекеси гана. Куто туралы. Аны коргоп, муну коргоп, колдоп, митинг откоруп жол тоспосок эле беттери ачылып калмак. Алардын кыныр ишин жапканга тарапташтары, аны колдогондор тоскооолдук кылып жатышат да аттин!

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.