Кытайдан аткезчилик менен келген 24 тонна тоок эти кармалды

  30.05.13   09:24
 299

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген тоок этин кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-майда "Аламедин" материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнө Кытайдан 24 тонна 600 кг тоңдурулган тоок эти алынып келинген. Аны текшерүү учурунда тоок эти Кытайдын Шаньдун провинциясындагы Гаоми айылында өндүрүлгөндүгү аныкталган.

Эскертсек, Шаньдун провинциясы канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салынган аймактардын катарына кирет. Ушундан улам, мыйзамсыз алынып келинген жүк убактылуу сактоочу жайга жайгаштырылды. Учурда тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, 19-апрелде Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы H7 N9 куш тумоосу чыккандыктан кытайдын бир катар аймактарынан канаттуулардын этин алып келүүгө убактылуу тыюу салган болчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224805

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.