Элет жаштары арасында спорт боюнча републикалык таймаш башталды

  30.05.13   09:59
 313

Кечээ, 29-майда "Улуттун саламаттыгы - өлкөнүн өнүгүүсү" деген аталышта элет жаштары арасында жыл сайын өтүүчү спорттук таймаштын ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурлауу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Мурат Саралинов, Ысык-Көл облусунун акими Райымбек Имангазиев жана башка коноктор келишти.

"Кыргызстанда спортту өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жетекчилер колдоо көрсөтүп жатат. Ошондой эле спортту өнүктүрүүдө спортчулардын дагы ролу чоң. Силер сергек жашоо баштоо менен жакындарыңарды, айылдаштарыңарды дагы ага үндөшүңөр керек", - деди Саралинов.

Район акими командалардын даярдыгына көңүл бурду. " Быйыл спортчулар өткөн жылга салыштырмалуу мыкты даярданып келгендиктери байкалып турат", - деди ал.

Ачылуу аземинен соң концерт уюштурулду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224810

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.