№21-интернатка социалдык шарт түзүү маселеси 40 жылдан бери чечилбей келет

  30.05.13   10:24
 263

Мындай пикирди кечээ, 29-майда угуусу начар балдардын №21- республикалык мектеп-интернатынын окуучулары Жогорку Кеңештин декпутаттары менен жолугушуу учурунда айтышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдар менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова, депутаттар Дамира Ниязалиева, Надира Нарматова, Дастан Бекешов маектешип, алардын суроолоруна жооп беришти.

Жолугушууда окуучулар Конституцияда жазылган маалымат алуу укугун коргоо үчүн сыналгыда көрсөтүлгөн жаңылыктар менен маалыматтарды сурдокотормо менен көрсөтүүнү талап кылышты. Андан тышкары угуусу начар жаштар үчүн жогорку окуу жайларда билим алууга мыйзамдык негиз зарыл экендигин белгилешип, угуусу начар балдарды Россия Федерациясынан чыккан окуу китептери менен камсыз кылууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Окуучулар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берген мектеп-интернаттардын мугалимдеринин айлык маянасын көтөрүүнү да суранышып, мектеп-интернатта жашоо үчүн социалдык жакшы шарт түзүү маселеси 40 жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын баса белгилешти. Жолугушуунун аягында парламенттин "Айымдар клубунун" мүчөлөрү балдарга белек тартуулашып, мындан аркы турмушу менен окууларына зор ийгиликтерди каалап узатышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224813

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.