Милиция Кумтөргө кетчү жолду 1,5 миң киши тосуп турганын билдирди

  30.05.13   10:25
 263

Кумтөр кенине кетчү жол дагы деле тосулуу бойдон. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Ысык-Көл ИИБдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, учурда нааразачылык акциясына 1-1,5 миңдей киши катышууда. Коомдук тартипти милиция менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери камсыз кылууда.

"Митингчилер депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн күтүшүүдө. Алар менен сүйлөшкөн соң гана тарай турганын айтышууда",- дейт Усубакунов.

Ал ошондой жардам берүү үчүн Бишкектен Ысык-Көл облусуна жүздөгөн милиция кызматкери жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 28-майда 200гө жакын жергиликтүү тургун Кумтөр кенине кетчү жолду тосушкан. Алар оорукана менен жол салып берүүнү талап кылышууда

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224814

 Комментарийлер:
#1 кольский
2013-05-30 20:13:21 Цитата / 0 / -

В демократической стране, каждый гражданин может высказаться и они по моему не сброд а наоборот отчаянные люди, которые власть забыл и которые хотят жить а не выживать! Ошанам, таласцам, джалалабадцам можно митинговать, блокировать дороги, а иссыккульцам нельзя? По моему они пошли на это из ха того, что власть не делает что обещает, тем более это в первые на Иссык-Куле. Я полностью поддерживаю их.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.