Энеге куса көздөр

Мен балдар үйүнө ташталган наристемин. Азыр мага эч ким ишенбесе да, апам мени таштаган кышкы таңды мен билем.
  30.05.13   10:36

"Мен балдар үйүнө ташталган наристемин. Азыр мага эч ким ишенбесе да, апам мени таштаган кышкы таңды мен билем. Мен билем апам келе жаткандагы кыйчылдаган кар обонун. Мен билем калтыраган менин денемдин акыркы аянычтуу коштошуусун. Апам мени таштап жатканда анын кайгылуу көздөрү менен кар төккөн бозомтук асманды көрдүм. Ал мени жерге коюп, "Катуу-катуу ыйла", - деди. Мени жерге таштаганда ушунчалык муздак сезим денемди дирилдетти. Апам мени колуна алабы дедим. А апам алган жок. Кышкы таңда издери гана калды. Мен катуу ыңаалап жаттым. Эшик ачылып, апам эмес башка кимдир бирөө мени колуна алды. Апам менин таштаган ошол коркунучтуу таң менин турмуштагы коркунучтуу жолдорго барышыма түрткү болду", - дейт Чыңгыз Айтматовдун Кассандра тамгасындагы монах Филофей.

Шаарыбыздагы Октябрь районуна караштуу Беларусь көчөсүнүн №121 балдар үйүнүн жанынан өтөм. Жалооруган жетим көздөр. Жетим күлкүлөр. Бойтоңдогон бейкүнөө бөбөктөр жалооруй тиктегенде, жүрөгүң зырп этип ыйлагың келет. Акыры бул балдар үйүнүн босогосун аттадым. Баары таптаза, айлана тегереги гүлгө оронуп, бак-даракка оронуп, бөлмөлөр түркүн оюнчуктарга кооздолгон. Бирок баары бир муздактык ээлеп турду. Мен тарбиячылар менен маек курганымда: "Балдар 4 жашка чыкканча бизде тарбияланат. Карамагыбызда жаш курагына карата бөлүнгөн 7 топ бар. 7 топтун ар биринде 15тен бала бар. Жалпы 90дон ашык адам эмгектенебиз. Алардын арасында педиатр, невропотолог, логопеддер жана тарбиячы айымдар эмгектенет. Бул балдар үйү мамлекетке тиешелүү. Андан тышкары, майрамдарга карата ар кандай өкмөттүк эмес уюмдардан, жеке ишкерлерден, жөн гана боорукер адамдардан жардамдар болуп турат", - дейт. Улуу тарбиячы Жумагүл эженин айтымында, балдардын 90%ы ар кандай оору менен оорушат. Көбүнчө венерикалык оорулар менен ооруган сойкулар, наркомандар, аракка берилип кеткендер балдарын ташташат. Алгач балдар төрөтканага 1-2 ай тыңыганча багылып, андан соң бул жерге жөнөтүлөт. "Кээде киндиги жаңы эле кесилген наристелерди босогобузга таштап кетишет. Бага албай убактылуу бизге таштаган жалгыз бой энелердин да балдары бар. Биздеги ар бир баланын өз тагдыры бар. Боюна бүткөндө эле баланы жээрий баштагандыктан, ден соолуктарына карабай төрөгөндүктөн, балкылдатып эне сүтүн эмбегендиктен, балдардын психикалык өнүгүүсү артта калган. Кеч басышат. Кеч сүйлөшөт. Айрымдары жүрөгү оорукчан, нышан, итий, тубаса сифилис ж.б оорулар менен оорушат. Мурун бизде орус улутундагы балдар көп болсо, азыр кыргыз балдар көбөйдү", - дейт тарбиячылар.

Балдар үйүнөн сыртка чыгып баратып, буту баса элек бөбөктөрдүн бөлмөсүнө баш бактым. Чоң секичеде чачтары кырылган он чакты бөбөк эмгектеп жатыптыр. Бир-эки жашка чыгышса да, беш-алты айлык балдардай баары арык, баары оорукчан, жандарына барсам үн салып, эркелегилери келди. Наристелердин көздөрүнөн качтым. Ушул көздөрдүн алдында ким күнөөлүү? Мамлекетпи? Коомбу же сойкуларбы, наркомандарбы, аракечтерби? Эмнеге мындай жетим көздөрдү жаратышат. Түбүң түшкүр сойку дүйнө. Жоопсуз суроолор...

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224816

 Комментарийлер:
#1 Азамат
2013-06-17 16:29:23 Цитата / 0 / -

Нурмамбетова Жамиля деп Агымдан эле окуйбуз. Ушул кыз экенда сонун жазат

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.