Өкмөт коомчулукту инвесторлорду митингдер менен коркутпоого чакырды

  30.05.13   11:01
 293

Өкмөт коомчулукту инвесторлорду митингдер менен коркутпоого чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирүү таратты.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Кымбаттуу мекендештер!

Апрель революциясынан кийин Кыргызстан эли эркин жана демократиялык мамлекетти курууга багыт алганын бүт дүйнө жүзүнө далилдеди. Кыргызстандыктардын кеменгерлиги жана мекенчилдиги өлкөдө тынчтыкты жана биримдикти сактап калды. Эгемендүүлүк жылдары ичинде алгачкы жолу демократиялык шайлоолор аркылуу бийликти тынч, конституциялык жол менен өткөрүп берүү үлгүсү жаралды. Көптөгөн кыйынчылыктарга жана кетирилген кемчиликтерге карабастан, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өсүү динамикасы башталды.

Коомдук өнүгүү ачык жана социалдык мүнөзгө ээ болуп, дүйнөлүк прогрессивдүү тенденцияларга шайкеш келе баштады. Бүгүн жарандар үчүн жабык тема жок. Жарандардын митингдерди, пикеттерди жана жөө жүрүштөрдү эркин өткөрүүгө болгон укуктарын кыйла кеңейткен тынч чогулуштар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды.

Өткөн жылы эле республика боюнча 1286 митингдер, пикеттер, жөө жүрүштөр жана башка нааразылык акциялары өткөн. Алардын көпчүлүгү, албетте, турмушубузда орун алып жаткан экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдөн, жардылыктан, соттордун, же мамлекеттик органдардын чечимдерине канааттанбагандыктан болду.

Ошону менен бирге, айрым учурларда нааразылык акциялары конструктивдүү эмес мүнөздө болуп, алардын катышуучулары аткарууга мүмкүн болбогон талаптарды көтөрүп чыгышууда. Кийинки кезде ушуга окшогон акциялардын кендерде жана ири инвесторлор куруп жаткан чоң объектилерде өтүп жатышы өзгөчө тынчсызданууну пайда кылууда. Тилекке каршы, мындай акциялар эч кандай социалдык жүк көтөрбөстөн, тескерисинче, ички иштер органдарын негизги милдетин аткаруудан алагды кылып, экономикалык өнүгүүгө жана өлкөдөгү инвестициялык кырдаалга тескери таасир этүүдө. Чынында бул экономикалык өнүгүүгө гана эмес, өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтирип, мамлекеттүүлүгүбүзгө да коркунуч туудуруп жаткан көрүнүш болуп калууда.

Азыр өлкөбүздүн келечек тагдырын чечүүчү эң ири долбоорлорду ишке ашыруу милдети турат. Алар – "Жер-Үй", "Бозумчак", "Талдыбулак Сол жээк" жана "Иштамберди" кендерин, Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү, "Датка" электр чордонун куруу, 500 килоВаттык "Датка – Кемин" жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууну жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын курууну баштоо, "Камбар-Ата – 1" мега-долбоорун ишке ашырууга, жаңы унаа коммуникацияларын курууга даярдык көрүү.

Урматтуу мекендештер!

Алдыда турган социалдык-экономикалык милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын биргелешкен аракетине жана жергиликтүү коомчулуктардын, калайык калктын колдоосуна байланыштуу болот. Андыктан Кыргыз Өкмөтү бардык аймактардын жашоочуларына, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдарга, ишкерлер коомчулугуна, интеллигенцияга, фермерлерге, ардагерлерге жана жаштарга жер-жерлерде туруктуулукту сактоого, инвестицияларды тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган аракеттерди колдоого чакырат.

Кыргызстанды туризмдин жана эркин инвестициялардын өлкөсүнө айлантуу аракеттери коомчулуктун колдоосуна муктаж. Мамлекетибиздин аброюна шек келтирген мыйзамды жана тартипти бузуучулар жоопкерчиликке тартылышы керек. Кыргыз Өкмөтү бардык саясий күчтөр жана жарандар менен конструктивдүү диалогко ар дайым даяр.

Экономика коомдогу социалдык тилектештиктин жана мамлекетибиздеги саясий туруктуулуктун бекем жана ишенимдүү пайдубалы жана улуттук коопсуздуктун кепили болушу керек. Бул ишке ар бир кыргызстандык өзүнүн ак жана талыкпас эмгеги менен, мыйзамдуулукту жана тартипти сыйлагандыгы менен, адилетсиздикке жана коррупцияга келишкис мамилеси менен салым кошо алат.

Диалог, аң-сезимдүү компромисс жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугу – бейпил, туруктуу жана гүлдөгөн Кыргызстанды курууга карай жол экенин бардык саясий күчтөр жана жарандык коом жеткилең түшүнө турган мезгил келди",- деп жазылат маалыматта.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224818

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.