Григорьевкада мал ууручулукка нааразы болгондор митингин улантууда

  30.05.13   11:11
 305

Ысык-Көл облусундагы Григорьевка айылынын тургундары мал ууручулукка нааразы болгон митингин улантууда. Бул тууралуу милиция кызматкерлери "ВБ"га билдиришти.

Эскертсек, өткөн жумада Каракол шаарында эки уйду музоосу менен уурдап кеткендер кармалган болчу. Мал уурдагандар Григорьевка айылынын тургундары болуп чыккан.

"Айыл тургундары жергиликтүү администрациянын алдына чогулуп нааразычылык билдирип, келтирилген чыгымды төлөп берүүнү талап кылышкан. Аныкталгандай аталган мал уурулук ушул айда эле 30унчу болуп катталыптыр",- дейт милиция кызматкери.

Белгилей кетсек, кармалгандардын бирөө Чолпон-Атадагы убактылуу кармоо жайына камакка алынган. Тергөө иштери жүрүүдө. Бирок тургундар уурдалган малды тез аранын ичинде кайтарууну талап кылышууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224819

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.