Кол күрөш республикалык мелдешинин жеңүүчүлөрү аталды

  30.05.13   11:04
 318

Жеңил атлетика жана кол күрөш (армрестлинг) боюнча айыл жаштарынын арысында өтүп жаткан "Дени сак улут - өнүккөн өлкө" республикалык мелдештердин жеңүүчүлөрү аталды. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

70 кгга чейинки салмак категориясында мырзалардын ичинен биринчиликти Абан Бутаев (Жалал-Абад) алса, андан кийинки орунда Нурлан Осмонов (Нарын) турса, үчүнчү орунга ысык-көлдүн кулуну Митхун Эшкожоев илинди.

70 кгдан жогорку категорияда алтын кайра эле Жалал-Абад облусунун тургуну Нурлан Кочумкуловго кетти. 2-орунда Фархат Жумаза (Чүй облусу) жана 3-орунда Таластан Нурманбек уулу Нурлан болду.

Жеңил атлетикада 1000 метр аралыкка чуркаган күлүк айымдардын ичинен:

1-орун - Гулшанай Сатарова (Жалал-Абад)

2-орун - Айжаңыл Абдыкадырова (Жалал-Абад)

3-орун - Самара Өмүркуловалар (Чүй) мыкты натыйжа көрсөтө алышты.

3000 метр аралыкка чуркаган мырзалардын ичинен эң күлүктөрү төмөнкүлөр:

1- орун - Александр Мох (Ысык-Көл);

2-орун – Илья Тяпкин (Чүй);

3-орун – Аман Момуналиев (Чүй).

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224820

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.