Профсоюз: "Кумтөр" өндүрүшүн үчтөн бирге кыскартат

Жолдун тосулганынан улам кендеги күйүүчү май менен азык-түлүк түгөнүп баратат.
  30.05.13   11:25
 419

"Кумтөр оперейтинг компани" компаниясы өндүрүштү кыскартууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Кыргызстандын тоо-металлургиялык борбордук профсоюз комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, жакын арада өндүрүш 30%га кыскарат. Компания бүгүн кенден 100 кишини алып чыгууну пландап жатат. Эртең болсо 200 киши чыгат. Компанияда күйүүчү май менен тамак-аш түгөнүп баратат.

Маалым болгондой, митингчилер дагы деле нааразчылык акциясын улантууда.

Белгилей кетсек, 28-майда 200гө жакын жергиликтүү тургун Кумтөр кенине кетчү жолду тосушкан. Алар оорукана менен жол салып берүүнү талап кылышууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224821

 Комментарийлер:
#1 кольский
2013-05-30 20:13:38 Цитата / 0 / -

В демократической стране, каждый гражданин может высказаться и они по моему не сброд а наоборот отчаянные люди, которые власть забыл и которые хотят жить а не выживать! Ошанам, таласцам, джалалабадцам можно митинговать, блокировать дороги, а иссыккульцам нельзя? По моему они пошли на это из ха того, что власть не делает что обещает, тем более это в первые на Иссык-Куле. Я полностью поддерживаю их.

#2 Гулжан.
2013-06-03 15:45:57 Цитата / 0 / -

Мен кошулбас элем. Анан дагы эч качан колдуктор, жалалабаддыктар, оштуктар деп болгум келбеди. Бирок, буга чейин Бакиевдин тушунда оппозиция колго барганда жолду тосуп, жумуртка менен ургандар колдо болду эле. Кыргызстандын булун-бурчунда болуп жаткан корунуштор кай жерден чыкса ошол жердиктер деген бир аз туура болбой калат. Нааразылыкты уюштуруш учун каражат гана керек, а чыга турган киши кай жерден болсо да бара берет ал жердин, элдин атын жамынып. Туура, карапайым эл айласы тугонгондон нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. Деген менен экономикалык осуш болбой жатканда, ошол эле кол эли, ал жерде ишкердик менен алектенген башка жердин тургундарын жайкы сезон учурунда киреше булагынан ажыратып жатышпайбы. Бул жерден ким зыян тартып жатат? ойлонуп коруш керек го.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.