Футбол: Каспий Кубогунда Жаштар курама командасына Азербайжан жети топ киргизди

  30.05.13   11:17
 286

Кыргызстандын U-17 жаштар курама командасы жыл сайын өтүүчү "Каспий Кубогу" эл аралык турниринде старттык матчын уттурду. Азербайжандык ЖМКлар маалымдагандай, Кыргызстан өзүнүн алгачкы оюнунда Азербайжандын курама командасынан жети ирет топ жеди. Оюн 29-майда Баку шаарындагы "Байыл Арена" стадионунда өттү.

Эске салсак, былтыр дагы бул турнирде Кыргызстан биринчи беттешүүсүн Азербайжан менен өткөрүп, анда 1:5 эсеби менен утулган.

Быйыл "Каспий Кубогуна" Кыргызстан, АКШ, Азербайжан, Казакстан, Болгария, Грузия, Түркия, Өзбекстан, Иордания, Уругвай, Япония жана Тажикстандан болуп 12 команда катышат.

Командалар төрт группага бөлүнгөн, ар биринде үчтөн курама бар. Группаларында биринчиликке жеткен командалар кубок үчүн мелдешин улантышат. Экинчи орун алгандары 5-8-орунга чейин мелдеш жүргүзүшөт. Группасынын аутсайдерлери 9-12-орундар үчүн күч сынашат.

Кыргызстан А группасында АКШ жана Азербайжан менен ойнойт. АКШ менен беттешүү бүгүн, 30-майда болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224822

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.