Парламент жыйынында Рысалиев менен Текебаев кайрадан чатакташа кетишти

  30.05.13   11:59
 404

Бүгүн, 30-майда парламент жыйынында Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев менен кайым айтыша кетти.

Атамекенчи өз сөзүндө Рысалиевден анын фракциясы 2010-жылы апрель окуяларынын маалында мародерчулукка катышканын далилдөөнү талап кылды. "Мен эгерде мага карата кылмыш иши козголо турган болсо өзүмдөн кол тийбестикти алып салууга даярмын. Палатадан бул чечимди колдоону суранам. Эгерде мародерчулукка катыштыгыбызды далилдей алышпаса, анда муну Рысалиевдин абийрине койдум",- дейт эл депутаты.

Ага жооп кылган Рысалиев Текебаевди "эркекче сүйлөшүп, маселе чечиш үчүн" коридорго чыгууну сунуш кылды. Мындан улам парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков аларды тартипке чакырууга аргасыз болду.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура буга чейин жабылган мародерчулук боюнча кылмыш ишин кайрадан ачкан. Бул ишке Текебаевден тышкары, атамекенчилер: Болот Шер, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбековдордун катыштыгы бар делип жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224826

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.