Зордукчуларды жазалоо үчүн химиялык бычуу натыйжасыз экендигин белгилешти

  30.05.13   12:01
 320

"Химиялык бычуу – зордукчуларды жазалоонун натыйжасыз ыкмасы". Мындай пикирин бүгүн, 30-майда өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин клиникалык протоколдорун иштеп чыгуу боюнча кеңешчиси Бермет Барыктабасова билдирди.

Анын айтымында, химиялык бычуу педофилдердин агрессивдүү жыныстык байланышын төмөндөтүү үчүн колдонуучу дарылоонун бир түрү. Бирок ал жаш балдарга сексуалдык кысым көрсөткөндөрдү жазалоонун жалгыз жолу эмес.

"Зордуктоо кылмышкердин мээсине сиңип калган. Бычып салуу агерссияны төмөндөтө алат дегенге далил жок. Мындай жол менен тестостерон гана төмөндөйт, бирок зордукчунун жүрүм-туруму өзгөрбөйт. Ошондой эле химиялык бычып салуу - убактылуу жана кымбат турат. Бул багытта жабырланган адамга каражат берилбейт. Ал жардамдан тышкары болуп, көңүл бурулбай калат. Андыктан жазанын натыйжалуу түрүн ойлоп табуу керек", - дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224827

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.