Митингчилер Кумтөрдүн жакыр үй-бүлөлөрдү камкордукка алуусун талап кылышууда

  30.05.13   12:06
 265

Кумтөр кенине барчу жолду тоскон митингчилер Кумтөрдүн Жети-Өгүз районундагы жакыр үй-бүлөлөрдү камкордукка алуусун талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда "Үмүт учкундары" коомдук бирикмесинин төрайымы Азиза Мамбетказиева журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, митингчилер социалдык мүнөздөгү 13 талапты коюшту. Алардын ичинде таза суу менен камсыз кылуу, мектеп, спортзал, оорукана куруу жана жолду оңдоо бар. "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү камкордукка алгыла деген талап кыргыз эли үчүн жат көрүнүш. Биз эч убакта бирөөнүн колун карап барган эмеспиз",- дейт ал.

Мамбетказиева митингчилердин талаптарынын арасында экологиялык маселелер жок экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 28-майда 200гө жакын жергиликтүү тургун Кумтөр кенине кетчү жолду тосушкан. Алар оорукана менен жол салып берүүнү талап кылышууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224828

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.