Салянова мародерчулук боюнча иштин ЖАМКга берилиши тууралуу түшүндүрдү

  30.05.13   12:08
 278

Бүгүн, 30-майда парламент жыйынында башкы прокурор Аида Салянова мародерчулук боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүгө убада берди. Башкы прокурордун айтымында, анын ведомствосуна ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиевден рапорт келип түшкөн.

Рысалиевдин рапортунда 2010-жылы апрелде "Ата Мекен" фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөнов Жаныш Бакиевдин аялын туткунга алышкан тууралуу айтылат. "Айыптоо абдан олуттуу. Контекстте киши өлтүрүүгө катышы бар деген дооматтар да бар. Алар ким болсо да эгерде ишке катышы бар болсо, жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Эгерде маалыматтар так эмес болсо Рысалиевдин өзү жооп бериши керек", -дейт Салянова.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Бакытбек Калмаматов эмне үчүн иш Рысалиевдин көзөмөлүнө өткөнүн сурады. Салянова кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, прокурор айрым шарттарда иликтөөнү кайсы гана органга болбосун бере ала турганын айтты " Мен ишти ЖАМКга берүү зарыл деп эсептедим. Рысалиевдин өзү эгер ал ишти тергей турган болсо факты таап келе турганын бир нече жолу айтты. Ошондуктан мен адам жоопкерчилик тууралуу да ойлонушу керек деп ойлодум",- деп түшүндүрдү ал.

Салянова ишти Башкы прокуратура көзөмөлгө ала турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура буга чейин жабылган мародерчулук боюнча кылмыш ишин кайрадан ачкан. Бул ишке атамекенчилер: Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбековдордун катыштыгы бар делип жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224829

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.