Мурадыл Мадаминов: Дарыгер-гематологду түрмөгө отургузууга укугум жок

  30.05.13   12:32
 396

"Дарыгер-гематологду түрмөгө отургузууга менин укугум жок". Мындай пикирин бүгүн, 30-майда КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадаминов Гематология борборунун дарыгери Мээрим Эралиеванын билдирүүсүнө жооп берип жатып билдирди.

Депутаттын айтымында, Эралиева кондидаттыгын жактоого аракет кылууда. "Ал амбулатордук китепчеге пункция жасаганын кантип белгилебей койду? Ал муну жазышы керек болчу. Кылмыш ишин ачуу керек. Дарыгер Эралиева депутаттарды чаташтырууну каалаган. Кишини түрмөгө отургузуу үчүн менде укук жок",- деди Мадаминов.

Дарыгерди Батукаевдин иши боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү, эркин депутат Равшан Жээнбеков коргоого алды. Ал коллегаларын кишини коркутуу үчүн аша чаап кетпөөгө чакырды. "Өзүңөрдүн абалыңардан пайдаланып эч нерсе чече албаган катардагы жаранды коркутпагыла. Анан калса жаш кызды. Келгиле андан көрө өз укугубузду колдонуп ишке күнөөлүүнү табалы. Башкы прокурор Салянованы, вице-премьер-министр Атахановду, ички иштер министри Суранчиевди, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Рысалиевди жана башка тийиштүү кишилерди жоопко тарталы",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224831

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.