Депутаттар Рысалиевдин адепсиз жоруктарын сынга алды

  30.05.13   12:34
 298

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди тартипке чакырууну талап кылды.

Алтыбаева мындай өтүнүч менен төрага Асылбек Жээнбековго кайрылды. "Рысалиев парламенттин жыйынында адепсиз жоруктарын көрсөтпөсүн, бул маселени камсыз кылууңузду суранам", - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда эл өкүлдөрү криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгына байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу менен таанышып жатат.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотондукка чыккан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул ишти иликтөөгө алуу үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, алар 1,5 ай иш алып барышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224832

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.