Султанов: Дарыгерлер тобу Гематология борборунун креслосу үчүн күрөшүп жатат

  30.05.13   13:35
 357

"Дарыгерлер тобу Гематология борборунун креслосу үчүн күрөшүп жатат". Мындай пикирин бүгүн, 30-майда парламениттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Акылбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, учурда дарыгерлер борбордун директору академик Раимжановду кызматынан кетирүү аракетин көрүп жатышат.

"Дарыгерлер Батукаевдин анализи тууралуу чатакташкан жок. Алар регионалдык негизде, бири-бирин күнөөлүп жатып Гематология борборунун диркторун ээлген кызматынан кетирүү аркеттерин көрүп жатышат", - деди Султанов.

Мындай билдирүү Батукаевдин иши боюнча депутаттык комиссиянын жетекчиси, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Болот Шердин кыжырын келтирди.

"Кайсы регионалдык маселе жөнүндө сөз болуп жатат? Мен Таластан, Рысалиев Таластан, Мээрим Эралиева Таластан жана Нарын шаардык сотунун судьясы Эрматов дагы Таластан! Бул жерде эч кандай регионализм жок. Биз чындыкты гана ачып берели деп жатабыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотондукка чыккан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул ишти иликтөөгө алуу үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, алар 1,5 ай иш алып барышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224837

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.