Кыз ала качкан Садовое айылынын эки жараны кармалды

  30.05.13   13:50
 310

19 жаштагы кызды ала качкандыгы үчүн Садовое айылынын эки тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басма чөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдарына Сокулук районунун Арал айылынын тургуну кызын ала качып кеткендигин айтып кайрылган. Аялдын айтымында, кызы 28-майда чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 28-май күнү кыз Сокулук айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан кафеге барган. Ал жактан үйүнө кайткан эмес.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кыздын жоголуусуна тийиштиги барлар аныкталган. Атайын иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүү деп Садовое айылынын 29 жаштагы эки жараны кармалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224838

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.