Эмки жумада өкмөт Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу отчёт берет

  30.05.13   13:52
 300

Эмки жумада өкмөт Кумтөр боюнча сүйөлшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу парламентте отчёт берет. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда "ВБ"га берген маегинде "Республика" фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, депутат бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолуккан. Өкмөт башчы кийики жумада Сenterra Gold Inc. копманиясы менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу отчёт бере тургандыгын маалымдаган.

"Ошондой эле премьер инфраструктураны жакшыртуу тууралуу митингчилердин коюп жаткан бир катар талаптарынын аткарыла тургандыгын айтты. Бүгүн эртең менен митингге чыккандар менен жолугуу үчүн экономика министри Темир Сариев Ысык-Көлгө жөнөп кетти", - деди Дыйканбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224839

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.