"Учур": ИИМдин чалы "кетем" дейт!

  30.05.13   14:15
 313

64 жаштын ашын ичкени менен карылыкка моюн сунбай, "кылмышкерлер менен кылчайнашам" деген Абдылда Суранчиев ички интриганы эптей албай шайы кетип, июнь айында кызматынын чегинүүгө бел байлаганы каңкууланууда. Бул тууралуу "Учур" гезити жазып чыкты.

Гезиттин маалыматы боюнча, ИИМ системасындагы профессионал кызматкерлер да Суранчиевдин "былжыр" ишине ичи чыкпай, катуу нааразылык жаралып, "бу шеф башын көтөрүп сүйлөй албайт экен, түрктөр менен жолукканда да уят кылды, өмүр баянын айтып" дешүүдө.

Муну билип калган ИИМдин З. Рысалиев, К. Кадыров, М. Турганбаев, Б. Жусабалиев сыяктуу "карышкырлары" түн уйкусун көрбөй, орунга чуркашууда, дейт "Учур".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224840

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.