Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Кыргызстанда 22 мектеп, 250 мечит курушкан

  30.05.13   14:29
 368

"Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси жыл сайын Кыргызстанга 5-7 млн доллардай инвестиция салышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда журналисттер менен болгон жолугушууда бирикменин президенти Саид Баюми билдирди.

Анын айтымында коомдук бирикме Кыргызстанда 1991-жылдан баштап түрдүү багыттар боюнча иштеп келет. Анын ичинде жаштарды тарбиялоо жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштерди жасап келебиз. "Биз 22 мектеп жана 250 мечит курдук. Бир мектепти куруу үчүн мечитке кеткен чыгымдын 10 эсесин коротуу керек. Мектепти курууга 100 миң доллардан 1 млн долларга чейин каражат кетет",- деди ал.

Баюми Жал кичи районунда курулган мектептин баасы 1,5 млн доллар экенин айтып, анын ачылышы жаңы окуу жылынын башында болот, -дейт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224843

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.