Теннис: Ксения Палкина Moscow Оpen-2013 турнириндеги старттык матчын уттурду

  30.05.13   15:19
 272

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Moscow Оpen-2013 эл аралык турниринде старттык матчында эле утулуп калды.

Эл аралык теннис федерациясы маалымдагандай, Палкина турнирдин негизги сеткасынан старт алып, алгачкы оюнун украиналык спортчу Валентина Ивахенкого уттуруп ийди. Матч эки сеттен турган. Биринчисинде эсеп 4:6 болсо, экинчисинде Палкина 1:6 эсепке жол берди.

Андан тышкары Палкина жуп разряддагы мелдеште украиналык Вероника Капшай менен биргеликте биринчи матчын Алена Фомина (Ураина) жана Полина Лейкина (Россия) дуэти менен өткөрөт.

Эске салсак, турнир 27-майдан 2-июнга чейин Масква шаарында (ITF) эл аралык Федерацияысынын карамагы алдында өтөт. Жалпы байге фонду 25миң доллар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224847

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.