Чылымга каршы күрөшүүчүлөр тамакиге болгон акцизди көтөрүүгө чакырды

  30.05.13   15:51
 264

"Кыргызстанда тамекиге коюлган акциздик салык эң төмөн". Мындай пикирин Саламаттык сактоо министрлигинин тамекиге каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасарова бүгүн, 30-майда маалымат жыйында билдирди.

Ал Бажы биримдигине кирген мамлекеттерде тамакиге коюлган салык өтө жогору экенин белгиледи. "Азыркы салыктын көрсөткүчү менен биз тамеки чегүүчүлөрдүн санын азайта албайбыз",- деди ал.

Анын айтымында, чоңдор арасында тамеки чеккендер 30%ды түзөт, эркектер арасында 52-55%. Иликтөөлөргө ылайык, Ысык-Көл облусунда тамеки тарткан аялдардын саны 18-20%ге жеткен. "Ал эми 12-15 жашка чейин балдар арасында 20% өспүрүм тамекини чегип көргөн. Анын ичинен эркек балдардын 26%ы, кыздардын 11% тамекинин даамын билишет",- деп кошумчалады Бекбасарова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224848

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.