Депутат укук коргоо органдарынын жетекчилеринин иштен кетүүсүн талап кылды

  30.05.13   15:52
 287

Бүгүн,30-майда эркин депутат Өмурбек Абдырахманов Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгуусу үчүн жооптуу болгон укук коргоо органдарынын жетекчилери кызматтан кетүүлөрү керек экендигин айтып чыкты.

Абдырахмановдун пикиринде, бүгүн парламенттин жыйынында Батукаев жөнүндө эмес, мамлекеттеги каатчылык тууралуу сөз болуп жатат.

"Биздин мамлекеттик органдардагы бюрократия жана коррупция барына маалым. Мен айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн 3 жума медициналык текшерүүдөн өттүм. Соттор болсо өз чөнтөктөрүн толтуруп, ким акча берсе ошонун кызыкчылыгы үчүн чечип жатат. Эмне үчүн тийешелүү жетекчилер Батукаевдин тегерегинде абалды билип туруп, анын чучугунан кошумча анализ тапшырттырган жок? Биздин чиновниктер креслонун кереги жок дегени менен ал жерге эчак эла жабышып калышкан. Силер отставкага кетишиңер керек, бул кылган ишиңерди эч ким кечирбейт", - деди Абдырахманов.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотондукка чыккан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул ишти иликтөөгө алуу үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, алар 1,5 ай иш алып барышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224849

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.