Депутаттар бардык кримлөктөргө диагноз ойлоп табууну сунушташты

  30.05.13   15:54
 366

Бүгүн, 30-майда парламенттеги пленардык жыйында, атамекенчилер Бактыбек Калмаматов менен Жоомарт Сапарбаев күч структураларынын криминалдык авторитет Азис Батукаевди бошотуп жибергенине дагы бир ирет нааразы экенин билдиришти. "Мейли ооруйт дейли, анан? Ал эмне ошончолук эле алтын беле аны бошотуп жибергидей? Ал эч качан биздин мамлекеттүүлүгүбүздү кабыл алган эмес. Өзүнүн камерасында Чеченстандын желегин илдирип алган болчу. Ал каза болгон Тынчтык Акматбаевди мазактаган, а силер аны сый-урмат менен бошотуп жатасыңар", - деди Калмаматов.

Сапарбаев ЖАМКтын жетекчисин, күч структураларын жана медиктерди катуу сындады. "Бизде дагы эки мыйзамдагы уурулар бар – Камчы Көлбаев менен Илья Самсония. Балким аларга да диагноз ойлоп таба бересиздер? Менин түшүнгөнүмө караганда силерге суроо менен кайрылышса ушу сыяктуу эле жооп кайтарасыңар", - деди Сапарбаев.

Эске салсак, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди рак оорусу менен жабыркайт деген медиктердин чыгарган жыйынтыгынын негизинде Нарындын №4 СИЗОсунан 9-апрелде чыгарып кетишкен. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге чартер каттамы менен Грозный шаарын учуп кеткен. Батукаевдин алдын ала бошотулгандыгы мыйзам чегинде болгонун аныктоо үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал 1,5 айдан бери иликтөө жүргүзүп, ишинин натыйжасы тууралуу отчет берип жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224850

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.