Текебаев: Батукаевдин бошотулушу мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө сокку болду

  30.05.13   16:04
 408

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 30-майдагы пленардык жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, эгер парламенттеги көпчүлүк "Ырыс алды ынтымак" коалициясы криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин бошотулушуна саясый баа бербесе жана күнөөлүүлөрдү жазалабаса, анда ал таркашы керек, деген оюн билдирди.

"Бул жерде иш Батукаевде эмес, анын бошотулушу мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө сокку болуп аткандыгында. Дарыгерлер ага коркпой туруп эле диагноз коюшту. Ал эми Саламаттык сактоо министри анализди текшеришпейт. Эгер текшеришкенде биз диагноз жасалма экенин билмекпиз. №24 убактылуу кармоочу жайынын жетекчисинин орун басарлыгын убактылуу аткарып аткан Абылгазиев Батукаевге 2011-жылдан баштап мыйзамды бузган эмес деп бардык мүнөздөмө берип атат",- деди Текебаев. Атамекенчи көпчүлүк коалиция Батукаевдин маселеси боюнча өзүнүн принципиалдуу позициясын билдирүүсү керек деп эсептейт.

Убактылуу комиссиянын жетекчиси Болот Шер "өз убагында Батукаев камеранын ичине Чечнянын желегин койгондо күч органдарынын бирөө да эч нерсе айта алган эмес", -деди. "Ал 16 кыргыздын кулагын кессе да, бул кылыгы үчүн эч кандай жоопко тартылган эмес",- деп кошумчалады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224851

 Комментарийлер:
#1 Гости
2013-05-30 17:49:55 Цитата / 0 / -

Батукаев кылмышкер вор куноосу далилденип жаза-мооноту берилген а Текебаев ким бул

бийликти басып алгандардын бирдемеси же чынын айтканда элдин шору ырыс кесери!!!!

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.