Митингчилер Нарын облустук ИИБнын жаңы жетекчисин "бекитишти"

  30.05.13   16:07
 267

Жакында эле дайындалган Нарынбек Молдоисаев нарындыктарга жакпай калгандыктан аны кууп жиберишти.

Бүгүн, 30- майда Нарынын облустук ИИБнын имаратынын алдына митинге чыккандар имараттын ичине кирип барышып, ИИБнын жаңы дайындалган жетекчисин Нарынбек Молдоисаевди кууп чыгышып, анын орун басары Махабат Жумаеваны ал кызматка дайындагандыктарын маалымдашты.

Эскерте кетсек, Молдоисаевдин дайындалышы боюнча буйрукка ички иштер министри Абдулда Суранчиев 27-майда кол койгон. Ал кызматка Жогорку соттун чечиминин негизинде кайра келген. 28-майда Молдоисаев Нарын облустук ИИБнын кызматкерлерине ички иштер министринин орун басары Фурхат Усенов тарабынан тааныштырылган.

Обладминистрациянын берген маалыматыка ылайык, бүгүнкү митингге 3 райондун ички иштер органдары катышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224852

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.