Президент кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

  30.05.13   16:07
 296

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Урматтуу мекендештер!

Ар бир муундун бешенесине жазылган балалыгы болот. Бизде, Совет доорунда төрөлүп, чоңойгон балдарда, замандын жокчулугуна карабастан, балалыгыбыз бейпил, бактылуу болгону үчүн ата-энелерибизге, мугалимдерибизге, Мекенибизге терең ыраазычылык жүрөгүбүздө орун алган. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөгөн балдардын көңүлүндө башкача сезим уялаган.

Жыл сайын белгиленген 1-июнь балдарды коргоо Күнү – балалык камкордукка муктаж экендигин бардыгыбызга эскертип турат. Жараткан адамга балалуу болуу бактысын бергенде, баланын келечегинин жана Мекенинин тагдырынын жоопкерчилигин кошо жүктөйт. Демек, балдарыбыз балалык кезин кандай эстеп калаары ар бирибизге байланыштуу.

Балдарды тарбиялоо оңой иш эмес. Бүгүн биз Кыргызстандын бардык ата-энелерине, турмуш жолунда алгачкы кадам таштоого, кыйынчылыктарды коркпой жеңүүгө, ийгиликтерге жетишүүгө балдарыбызга көмөктөшкөн тарбиячыларга, мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Азыркы өткөөл мезгилде кичинекей мекендештерибиз ата-энелер, мамлекет, коом тарабынан аяр мамилеге, камкордукка жана коргоого муктаж",-деп жазылат куттуктоодо.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224853

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.