Жолдошова: Мыйзамдыга уурулар саясатчыларыбызды эки-экиден уруштуруп жатат

  30.05.13   16:47
 374

"Мыйзамдыга уурулардын бири саясатчыларыбызды, жигиттерибизди эки-экиден уруштуруп жатат". Мындай пикирин бүгүн, 30-майда парламенттин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошова билдирди.

"Батукаевдин маселеси боюнча катуу талкуу жүрүп жатат. Бул үчүн бир-бирибизге жаман сөздөрдү дагы айттык. Бирок эсиңерге салып коеюн. Батукаев кетти, биз болсо күнөөлүнү эч качан таба албайбыз. Бул мыйзамдыга ууру биздин саясатчыларыбызды эки-экиден уруштуруп жатат", - деди Жолдошова.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотондукка чыккан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул ишти иликтөөгө алуу үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, алар 1,5 ай иш алып барышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224854

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.