Оренбургда көчөдө калган 2 кыргыз жараны кайтарылып берилет

  30.05.13   17:09
 337

"Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматынан маалымдагандай, 10 жылдан бери Оренбургдун көчөлөрүндө жашап келге жаткан эки кыргыз жаранын мекенине кайтаруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Анда, Оренбург облустук "Шанс" социалдык адаптация борборунда Ош облусунун тургуну Александр Чуговский жана Таш-Көмүр шаарынын тургуну Юрий Феофанов убактылуу күн кечирип жаткандыгы маалымдалган.

Алар 1990-жылдын ортосунда Россияга иштөө үчүн кетишкен. "Ошол кезде аларда СССРдин паспорту болгон. Россия жарандыгын алышкан эмес. Кийинчерек документтери жоголуп, туугандары менен болгон байланыш дагы үзүлүп калган", - деп билдирет ассоциация.

"Учурда алар медициналык жардамга муктаж болгондуктан, тез арада Кыргызстанга депортация кылуу маселеси каралып жатат",-деп жазылат маалыматта.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224859

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.