Бишкек мэри: Шаар аймагынын бөлүгү "Карвен клубка" убактылуу ижарага берилген

  30.05.13   17:35
 261

"Карвен клуб"спорт-көңүл ачуучу комплексинин аймагынын бир бөлүгү убактылуу ижарага берилген. Мындай билдирүүнү бүгүн, 30-майда Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов муниципалдык жерлердин курулуш иштерине мыйзамсыз берилип жаткананы нааразы болгон тургундар менен болгон жолугушууда билдирди.

Шаар тургундарынын айтымында Герцен менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган "Карвен клубу" турган жер талаштуу бюолуужа. Себеби клуб "Чыгыш-5" кичи районуна өтчү жолду жаап калган.

"Бул жер убактылуу ижарага берилген. Бул жолду качан биз жасап баштаганда бул жер алынат. Бул жердеги көчө суу өткөн каналга барып такалат да, андан ары өтпөйт. Ошондуктан ал ижарага берилген",- деди Өмүркулов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224860

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.