"Кумтөрдө" генераторлорду күйгүзүштү

  31.05.13   08:10
 266

Митингчилердин талабы менен электр энергиясынан ажыратылган "Кумтөр" ишканасы генераторлорду күйгүзүштү. Кошумча электр камсыздоо булагы жумушчулар жашаган лагерге гана берилди, ошондо да бардык блокторго эмес. Бул тууралуу "ВБ" кечээ, 30- майда Кыргызстандын тоо-металургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин башчысы Элдар Таджибаев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, бут блоктор жылытылган жок, ошондуктан эртең мененкиге чейин ал жерлер муздап калат.

"Фабриканы электр энергиясы өчкөнгө чейин токтотуп калышкан. Чукул кырдаал түзүлгөн жок. Эгерде жакын арада электр энергиясы берилбесе, кымбат ремонт керек болуп калат", - деди Таджибаев.

Эске салсак, 28-майда 200дөй жергиликтүү жашоочулар "Кумтөргө" кеткен жолду бууп, бейтапкана жана жол куруп берүүсүн талап кылышкан. Кечээ, 30-майда алар Тамга айылына жакын жайгашкан "Кумтөр" ишканасын жабдыган постанцияга кирип келишкен. Подстанциянын тегерегин милиция кордону тосуп турат, бирок алар аны ашып өтөбүз деп ниеттенүүдө. Бийлик митингчилерге саат 20.00 "Кумтөр" ишканасын электр энергиясынан ажыратаарын убада кылган, жана аны кийинчерээк аткарган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224861

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.