Түндө Тамга айылынын жанында өткөн операциянын жыйынтыгында 20 киши кармалды

  31.05.13   08:42
 316

Бүгүн түнү Ысык-Көл облусунун Тамга айылынын жанында "Кумтөргө" кеткен жолду бууган митингчилерге каршы айтайын операция өткөрүлдү жана 20 киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда, "ВБ"га өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, ал жерде атайын кызматтар башаламандыкты уюштургандарды издеп табуу иштерин жүргүшүшүүдө.

Өкмөт белгилегендей, уюштуруучулар жана чагымчылдар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

"Өкмөт кырдаалды толук бойдон көзөмөлдөп турат. Митингди токтотуу үчүн күч жана каражат жетишээрлик. Жакын арады кенге кетүүчү жол бошотулат", - деп билдиришти өкмөттөн.

Эске салсак, 28-майда 200дөй жергиликтүү жашоочулар "Кумтөргө" кеткен жолду бууп, бейтапкана жана жол куруп берүүсүн талап кылышкан. Кечээ, 30-майда алар Тамга айылына жакын жайгашкан "Кумтөр" ишканасын жабдыган постанцияга кирип келишкен. Подстанциянын тегерегин милиция кордону тосуп турат, бирок алар аны ашып өтөбүз деп ниеттенүүдө. Бийлик митингчилерге саат 20.00 "Кумтөр" ишканасын электр энергиясынан ажыратаарын убада кылган, жана аны кийинчерээк аткарган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224863

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.