"Кумтөрдү" электр менен камсыздоо калыбына келтирилди

  31.05.13   08:43
 330

Кыргызстандагы ири мекеме болуп саналган "Кумтөрдөгү" электр камсыздоо калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда КР өкмөт аппаратынан "ВБ"га билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ишкана штаттык режимде иштөөдө. Электр жарыгы Ысык-Көл облусунун бардык айылдарында берилип баштады.

Эскертсек, 28-майда 200гө жакын адам мектеп жана оорукана куруп берүү талабы менен "Кумтөргө" кеткен жолду тосушкан. 30-май күнү алар "Кумтөр" ишканасын электр менен камсыздаган Тамга айылына жакын жайгашкан подстанцияга кирип келишкен болчу. Подстанциянын айланасына милиция кызматкерлери коюлган. Бирок митингчилер милициянын тосмосунан өтө тургандыктарын билдиришкен болчу. Бийлик саат 20:00дө "Кумтөр" ишканасына электр берүүнү токтото тургандыгына сөз берген. Кийин "Кумтөр" ишканасына жарык берүү токтотулган эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224864

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.