Centerra Goldдун акцияларынын баасы өсүүдө

  31.05.13   09:02
 310

Кечээги Торонто фондулук биржадагы сатуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 33%ы тийиштүү канадалык алтын иштетүү Centerra Gold Inc. компаниясынын акцияларынын баасы 4,01 долларга чейин өстү. Бул тууралуу фондулук биржанын сайты билдирет.

Бир жума мурунку, 17-майдагы, акциялардын баасы 3, 43 долларга чейин түшүп кетүүсүнөн кийин, өтүп жаткан жума бою баалуу кагаздар кымбаттоодо.

Акциялардын баасынын төмөндөөсүндө Кыргызстандын баалуу кагаздар пакети 265 млн долларга чейин арзандап кеткен. Бүгүнкү күнү КРдин акциялары 310 млн доллардан ашык турат.

Эске салсак, Кыргызстан алтын иштетип чыгаруучу компаниянын ири акционеры болуп эсептелет. Ал 77,4 млн акциянын (32,75%) ээси.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224865

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.