Атайын кызмат митингчилирди толугу менен кууп таркатты

  31.05.13   08:54
 310

Бүгүн таңга жуук "Кумтөр" кенине кетчү жолду тосуп алган митингчилерди атайын кызмат толугу менен кууп таркатты. Бул тууралуу нааразычылык акциясынын лидерлеринин бири Бакыт Курманов "ВБ"га билдирди.

Ал белгилегендей, митингчилерди таратуу учурунда эч кандай көздөн жаш агызуучу газ же таяктар колдонулган эмес.

Кенге кетчү жол толугу менен ачылды. Курмановдун айтымында, учурда атайын кызмат менен укук коргоо органдары митингдеги чагымчылдарды издөөдө.

Эскертсек, 28-майда 200гө жакын адам мектеп жана оорукана куруп берүү талабы менен "Кумтөргө" кенткен жолду тосушкан. 30-май күнү алар "Кумтөр" ишканасы электр менен камсыздалган Тамга айылына жакын жайгашкан подстанцияга кирип келишкен болчу. Подстанциянын айланасына милиция кызматкерлери коюлган. Бирок митингчилер милициянын тосмосунан өтө тургандыктарын билдиришкен болчу. Бийлик саат 20:00дө "Кумтөр" ишканасына электр берүүнү токтото тургандыгына сөз берген. Кийин "Кумтөр" ишканасына жарык берүү токтотулган эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224866

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.