Таластагы Манас районунун акими шайланды

  31.05.13   08:55
 300

Талас облусуна караштуу Манас районунун акими шайланды. Бул жөнүндө өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Нарынбек Токтосунов билдирди.

Буга чейин райондун акими Эдил Күзөбаев болгон. Ал өз каалосу менен арыз жазып жумуш оордун бошоткон. Шайланган аким Нурак Качкынаков буга чейин ошол эле районго караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Кошумчалай кетсек, 27- майда Кара- Буура районунун акими шайланган. Ага Чолпон Төрөкулов шайланган. Бул ишти аркалаган Дилдебек Осмоналиев дагы өз каалосу менен арыз жазып ордун бошоткон. Өз каалоолору менен ордун бошоткон акимдер "Республика" партиясынан экени маалымдалды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224867

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.