Таласта сел каптоо коркунучу бар жерлер текшерилди

  31.05.13   09:05
 380

"Жакында Таласта сел каптоо коркунучу бар жерлер текшерилип тазаланды. Олуттуу жерлерде изилдөө иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 30дан ашык жер текшерилген", - деди Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын полковниги Талантбек Касымов.

"Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл өкмөтүндөгү селден сактоочу 6 көлмөдө тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок алар эч бир мекеменин жоопкерчилигинде болбогону абдан кабатырлантат",- дейт ал. Анын айтымында, эгер кайсы бир мамлекеттик мекеме жоопкерчиликке алса былтыркыдай сел каптоо коркунучтары туулбайт. Себеби былтыр ошол эле районга караштуу Шадакан айылында 4 км участок каналды сел жаап калган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224869

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.