Жети-Өгүз районунун акимин митингчилер өзүнүн унаасында кармап турушкан

  31.05.13   10:06
 309

Жети-Өгуз районунун акими Жаныбек Дуйшембиев журналисттерге митингчилер аны өз унаасында кармап турушканын тастыктады. Анын айтуусу боюнча, ал жерде кырдаал өтө опурталдуу.

Азыр Дуйшембиев жакынкы айылдарга анын жашоочулары менен жолукканы бара жата. Анын унаасында митингчилердин да өкүлү отурат.

Эскертсек, 28-майда 200гө жакын адам мектеп жана оорукана куруп берүү талабы менен "Кумтөргө" кенткен жолду тосушкан. 30-май күнү алар "Кумтөр" ишканасы электр менен камсыздалган Тамга айылына жакын жайгашкан подстанцияга кирип келишкен болчу. Подстанциянын айланасына милиция кызматкерлери коюлган. Бирок митингчилер милициянын тосмосунан өтө тургандыктарын билдиришкен болчу. Бийлик саат 20:00дө "Кумтөр" ишканасына электр берүүнү токтото тургандыгына сөз берген. Кийин "Кумтөр" ишканасына жарык берүү токтотулган эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224874

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.