Митингчилер Жети-Өгүз акимиатынын имаратынан чыгышты

  31.05.13   10:17
 261

"Кумтөр" менен болгон келишимди жокко чыгарууну талап кылган митингчилер Жети-Өгүз акимиатынын имаратынан чыгышты. Бул тууралуу акимиаттан "ВБ"га билдиришти.

Акимиаттын өкүлү митингчилер имаратка кирип келишкенин тастыктап, кайра чыгып кеткенин белгиледи. "Азыр кызматкерлер өз ордуларында иштеп атат. Абал тынч",- дейт акимиаттын өкүлү.

Башка комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин митингчилер Жети-Өгүз РИИБин басып алды деген маалымат тараган эле.

Эскертсек, 28-майда 200гө жакын адам мектеп жана оорукана куруп берүү талабы менен "Кумтөргө" кенткен жолду тосушкан. 30-май күнү алар "Кумтөр" ишканасы электр менен камсыздалган Тамга айылына жакын жайгашкан подстанцияга кирип келишкен болчу. Подстанциянын айланасына милиция кызматкерлери коюлган. Бирок митингчилер милициянын тосмосунан өтө тургандыктарын билдиришкен болчу. Бийлик саат 20:00дө "Кумтөр" ишканасына электр берүүнү токтото тургандыгына сөз берген. Кийин "Кумтөр" ишканасына жарык берүү токтотулган эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224876

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.