"Ата Мекен" фракциясы АКШнын базасын чыгарууну жабык эшик артында талуулайт

  31.05.13   10:51
 330

"Ата Мекен" фракциясы 31-майдагы жыйынында "Манас" аэропортундагы транзиттик жүк ташуу борбору боюнча КР өкмөтү менен АКШ өкмөтү ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча маселени жабык эшик артында талкуулайт.

Талкуулоодо улуттук коосуздук да камтылгандыктан аны жабык эшик артында талкуулоону өкмөттүн өкүлдөрү суранышты.

Эскертсек, өкмөт "Манас" аэропортундагы транзиттик жүк ташуу борбору жөнүндөгү келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун парламентке алып келген. Бүгүн аны "Ата Мекен" фракциясы талкуулап жатат жана "Ар-Намыс" фракциясынын да талкуулай турганы айтылууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224879

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.