Москва районунан өспүрүмдү зордуктаган эки жаран кармалды

  31.05.13   10:52
 329

13 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен Москва районунан эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдарына кыздын 40 жаштагы тууганы кайрылган. Анын айтымында, 28-майда кечки саат 19-00дөрдө жергиликтүү эки бала Беловодск айылынан анын 13 жаштагы жээнин зордуктаганын айткан.

Москва РИИБдин тергөө кызматкерлери "Жашы жете электерди зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тартип сакчылары изи сууй электе 20 жаштагы шектүү баланы кармашты. Бир канча убакыттан кийин анын өнөгүнүн аты-жөнү да такталган. Ал Москва районунун Ак-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну болуп чыкты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224881

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.